Тоң-Мурун жана Чыйырчык ашууларында жолдор тазаланды

Аймак Загрузка... 23 Декабрь 2025 16:09
1.webp
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Тоң-Мурун жана Чыйырчык ашууларындагы жолдор кардан тазаланды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев кар калың жаагандыгын жана Алайдын тургундары жолдордогу көп сааттык тыгындарга даттанып жатышканын айткан.

"Кытайдан келе жаткан оор жүк ташуучу унаалар жайкы дөңгөлөктөр менен жүрүшөт, ошолордун айынан жолдордо тыгындар пайда болууда. Жолду тазалоо үчүн кошумча техника бөлүп бериңиздер", - деп кайрылды ал транспорт министрине.

Сыргабаев техника жетиштүү өлчөмдө камсыз болгонун айтты.

"Маселе унаалардын өздөрү каршы тилкеге чыгып кетип, муну менен атайын техниканын иштешине тоскоолдук жаратып жаткандыгында болууда. Бирок, 4-5 сааттын ичинде Тоң-Мурун ашуусунда кар тазаланды. Буга чейин ал жерде бороондон улам көрүү мүмкүнчүлүгү начар болчу. Чыйырчык ашуусунда да иштер жүрүп жатат", - деп белгиледи министр.