Түндүк-Түштүк жолу: Стратегиялык долбоордун II фазасы 22,5 млн долларды түзгөн

Коом

Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Кыргызстандагы эң маанилүү стратегиялык транспорттук долбоорлордун бири болуп эсептелген Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунун II фазасы 22 млн 531 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу аталган долбоордун курулуш боюнча консультанты Элдар Самаркулов билдирди.

Анын айтымында, аталган фазанын жалпы узундугу 27 чакырымды түзүп, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген насыянын негизинде каржыланган.

Түндүк-Түштүк жолу: Стратегиялык долбоордун II фазасы 22,5 млн долларды түзгөн

"Курулуш иштери 2020-жылы башталып, 2023-жылдын 30-ноябрында толугу менен аяктаган. Долбоор кытайлык "Sinohydro" компаниясы тарабынан аткарылды. Азыркы тапта жол кепилдик мөөнөтүндө эксплуатацияланып жатат. Жолдун туурасы 9 метр. Ал эми калктуу конуштардан өткөн бөлүктөрдө жол төрт тилкелүү болуп, туурасы 15 метрге чейин жетет. Асфальт эки катмардан турат. Төмөнкү катмары 9 сантиметр, ал эми үстүңкү катмары 6 сантиметр",-деди ал.

Самаркулов кошумчалагандай, жол куруу менен катар аталган суммага көпүрөлөр жана суу өткөргүч түтүктөр орнотулуп, тротуарлар салынган. Мындан тышкары, жол коопсуздугу камсыздалып, жарыктандыруу иштери да жасалган.