Түндүк – Түштүк жолундагы сел: Эки тараптуу кыймыл ачылды

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 09:55
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу селден тазаланып, эки тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун жолдун 361-367-чакырымын аралыгында 3 жерден сел жүрүп, жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.

Жеринде министрликтин №31 Жол тейлөө мекемеси тазалоо иштерин ыкчам жүргүздү.

"Жолчулар таңкы саат 04:00гө чейин атайын техникалардын жардамы менен сел жүргөн тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. 06:00дөгү каттам үчүн эки тараптуу кыймыл толугу менен ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолдун туурасын кеңейтүү иштери улантылып жатат. Кырдаал тиешелүү жол кызматкерлердин көзөмөлүндө.