Түндүк-Түштүк унаа жолунда таштар тынымсыз тазаланууда – видео

Аймак 25 июль 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-07-25 at 17.23.56.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-25 at 17.23.55.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-25 at 17.23.56.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-25 at 17.23.55.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн таштарды тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, күн мурун жолдун 280-281-чакырым аралыгына тоо бетинен ири көлөмдө таш түшкөнү маалымдалган.

Учурда аталган тилкеде министрликтин алдындагы №18, 14, 955 Жол тейлөө ишканалары тарабынан кошумча техникалары жана кызматкерлер тартылып, активдүү иш алып барууда.