Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда жаан-чачынга байланыштуу Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 345-360-чакырымдарын сел каптады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда №31 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери жүрүүдө.
Жол ачык, унаалар үчүн каттам бар.
Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда этият болууга жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырат.