Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, каттам ачылды

Аймак Загрузка... 14 Май 2026 11:10
698680711_1291660059809404_4347924236913286014_n.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5-чакырымына тоодон түшкөн таш көчкү жана топурак толук тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол ачылды.

"Учурда аталган тилке коопсуз абалда. Эки тараптуу унаа кыймылы калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган жолго таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.