Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Алтын кум" эс алуу жайынын аймагында суу алдындагы тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Суучулдар кызматынан билдиришкендей, суучулдар көлдүн түбүн тазалап, болжол менен 350-400 килограмм ар кандай таштанды чыгарышты.
Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн акваториясын таза кармоого багытталган.