Ош шаары менен ЕККУ биргелешкен долбоорлорду кеңейтет

Аймак 24 сентябрь 2026 16:55
Ош шаары менен ЕККУ биргелешкен долбоорлорду кеңейтет
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Ош шаары менен ЕККУнун кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар үчүн маанилүү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Тараптар алдыдагы биргелешкен иштердин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, кызматташтыкты бекемдөө боюнча иштерди улантууга макулдашты.