Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жумушту Ош шаарынын мэриясынын каржылоосунда “Газпром” ЖЧКсы аткарды. Жалпысынан аталган аймакта 9 айылга 2 чакырымдай газ түтүгү тартылды.
Эске салсак, Жапалак айылына газ тартуу көйгөйү мэр Жанарбек Акаевдин Президенттин тапшырмасынын негизинде эл менен жолугушуу учурунда айтылган.