Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Коом Загрузка... 07 Март 2026 16:31
WhatsApp Image 2026-03-07 at 16.28.26.jpeg
copyright icon Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасы

Бишкек. 07.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта саат 15:24 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-200-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда атайын техника тартылып, кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

5-марттан 10-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам аталган жолдор аркылуу сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө.