Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу бир тараптуу ачылды

Аймак Загрузка... 08 Июнь 2026 14:20
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш толук тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, ал эми 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш түшүп, жеринде атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда.

"Учурда бир тараптуу жол ачык, каттам бар. Дагы кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.