"Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы пайда болду

Коом 28 июль 2026 16:50
"Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы пайда болду

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Мобилдик "Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми эне да, ата да баланын төрөлгөнүн каттоо боюнча арызды түздөн-түз "Түндүк" тиркемеси аркылуу бере алышат.

"Түндүк" аркылуу төмөнкү кызматтарды колдонууга болот:

  • баланын төрөлгөнүн каттоого арыз берүү;
  • арыздын каралуу статусун көзөмөлдөө;
  • даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алуу.