"Түндүк" тиркемесинде байланыш борборуна чалуу убактылуу жеткиликсиз

Коом 19 август 2026 15:25
"Түндүк" тиркемесинде байланыш борборуна чалуу убактылуу жеткиликсиз

Бишкек, 19.08.26 /Кабар/. Убактылуу техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу учурда "Түндүк" байланыш борборуна чалуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, колдонуучулардын кайрылуулары жазуу түрүндөгү каналдар аркылуу — электрондук почта, социалдык тармактардагы билдирүүлөр жана комментарийлер аркылуу кабыл алынууда.

"Адистер техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштеп жатышат. Телефон байланышы калыбына келтирилгенде кошумча маалымат берилет",-деп айтылат маалыматта.