“Түндүк” тиркемесинде автоунаага байланышкан жаңы кызмат пайда болду

Коом 7 октябрь 2026 12:35
“Түндүк” тиркемесинде автоунаага байланышкан жаңы кызмат пайда болду

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. "Түндүк" мобилдик тиркемесинде транспорт каражаттары тууралуу маалымкат алуу боюнча жаңы кызмат пайда болду. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдиришти.

"Эми каттоодон өткөн, өзүңүзгө таандык транспорт каражаттары тууралуу расмий маалымкатты онлайн алууга, ошондой эле унаага күрөө коюлган же камакка алынганын текшерүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.