"Түндүк" тиркемеси жана мамлекеттик санариптик сервистер убактылуу иштебейт

Коом 10 июль 2026 14:00
"Түндүк" тиркемеси жана мамлекеттик санариптик сервистер убактылуу иштебейт

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. "Түндүк" мобилдик тиркемеси, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы жана Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүчү башка сервистер 10-июль саат 21:00дөн 11-июль саат 10:00гө чейин убактылуу жеткиликсиз болот. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдиришти.

Чектөөлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасында пландалган техникалык жумуштарды жүргүзүүгө байланыштуу экени белгиленет.