“Түндүк” порталына ден соолукту текшерүүгө багытталган тиркеме киргизилди

Ден соолук Загрузка... 24 Сентябрь 2025 13:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. “Түндүк” электрондук кызматтар порталына жарандардын ден соолугун текшерүүгө багытталган “Өз ден соолугуңду текшер!” тиркемеси (Check-ир модулу) киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору жана профессор Талантбек Сооронбаев билдирди.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 13.26.37.jpeg

Тиркемеге төмөндөгү сегиз параметр киргизилди:

  • Тамекини таштоо;
  • Туура тамактануу;
  • Кыймыл-аракетти кошуу;
  • Салмакты текшерип туруу;
  • Кан басымды текшерип туруу;
  • Кандагы канттын деңгээлин билүү;
  • Кандагы холестиринди текшерүү;
  • Уйкуну көзөмөлгө алуу.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 13.26.18.jpeg

Талантбек Сооронбаевдин айтымында, тиркемеге киргизилген сегиз көргөзгүчтү алдын алуу менен ар бир жаран жүрөк оорусунун алдын алат. Андан сырткары, негизи эле оорулардан алыс болуп, узак жашай алат.

“Тиркемеге кирип ар бир кыргызстандык жаран ал жердеги суроолорго жооп берүү менен оңой эле өзүнүн жогоруда аталган сегиз көрсөткүчүн текшере алат. Ичинде аталган оорулардын алдын алуу, кандай кадамдарды жасоо керектиги тууралуу маалыматтар бар. Андан сырткары, жарандар тиркемедеги кошумча баскыч аркылуу дарыгерге да жазыла алышат”, -деди ал.

WhatsApp Image 2025-09-24 at 13.25.58.jpeg

Бул тиркеме жүрөк-кан тамыр ооруларынын кооптуулугун алдын алуу максатында "Ыкчам кардиология" программасынын алкагында иштелип чыккан. Ошондой эле ал үй-бүлөлүк деңгээлде калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.