Түндүк Кипрде кол салууга кабылган кыргыз жаранынын абалы айтылды

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 16:25
1046588762_0_280_3072_2018_600x0_80_0_0_784776f7fc6cd7c8da54d9fe47e0fdbe.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Түндүк Кипрде кол салууга кабылган кыргыз жаранынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Белгиленгендей, доктор Бурхан Налбантоглу атындагы мамлекеттик оорукананын дарыгеринин маалыматына ылайык, жабырлануучу Ж.А.нын абалы оор бойдон калууда жана туруктуу оор деп бааланууда. Түн ичинде ал мезгил-мезгили менен эсине келген.

Бүгүн, 5-августта кошумча операция жүргүзүү пландаштырылган. Учурда Ж.А. жандандыруу бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Алдын ала маалыматка ылайык, эртең, 6-августта жабырлануучунун жакын тууганынын Түндүк Кипр Түрк Республикасына келиши күтүлүүдө.

Ошону менен бирге, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жаранына бычак менен кол салган Түркиянынн жараны учурда оор абалда болгондуктан, анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк бергенден кийин сурак жүргүзүү пландалууда.

Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылып жатат.