Түндүк айланма жолун реконструкциялоо. Бишкек мэри Мыкан конушунун тургундары менен жолукту

Коом 20 июнь 2025 13:11
510460631_1162537535922099_6431097469086943422_n.jpg
509331450_1162537445922108_604422353982211578_n.jpg
509583080_1162537395922113_4879623187617652294_n.jpg
509297686_1162537392588780_2998102408801633697_n.jpg
509929482_1162537465922106_7887237141062853460_n.jpg
508997585_1162537389255447_2612595963318991342_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Мыкан конушунун жашоочулары менен жумушчу жыйын өткөрүп, Түндүк айланма жолунун реконструкциялоо долбооруна байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулады.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, долбоордун алкагында көчүрүлүүгө тийиш болгон 478 объектинин ичинен учурда 4 объект боюнча маселе ачык бойдон калууда.

Жолугушууда мэр Свердлов районунун акимине жарандардын жер жана турак жай маселелерин тез арада чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул багытта жер тилкелерин алмаштыруу жана турак жайларды башка жерге көчүрүү сыяктуу альтернативалар каралууда.

Айбек Жунушалиев ири инфраструктуралык долбоорду ишке ашырууда жарандардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары сөзсүз түрдө эске алынышы керек экенин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, реконструкциялоо долбоору жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзгөн жолду курууну камтыйт. 2025-жылы Алматы–Бишкек–Ташкент (6 км) жана Бишкек–Нарын–Торугарт (9,1 км) автожолдорунун айрым участокторунда жалпы 15 чакырым жол асфальтталышы пландалууда.

Долбоор аяктагандан кийин бул жол алты тилкеге чейин кеңейип, борбор калаанын жол өткөрүмдүүлүгү кыйла жогорулайт.