Түндүк айланма жолу. Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Коом 11 сентябрь 2025 17:05
546509891_1094024202906325_4775117045667824152_n.jpg
546389730_1094024182906327_6138472480061731840_n.jpg
545552911_1094024206239658_6500385013694594571_n.jpg
Алдыга
Артка
546509891_1094024202906325_4775117045667824152_n.jpg
546389730_1094024182906327_6138472480061731840_n.jpg
545552911_1094024206239658_6500385013694594571_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, аны менен катар суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, кеңейтүү жана негизги жолго катарлаш болгон Биримдик-Кут конушуна кирүүчү кошумча эки тилкенин негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол курулат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20% га кɵп бак-дарактар отургузулат. Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.