Балыкчы – Нарын – Торугарт жолуна кар жаады: Калыңдыгы 35 сантиметрге жетти

Аймак Загрузка... 05 Июнь 2026 13:00
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Түндө Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 445-544-чакырым аралыгына кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кардын калыңдыгы 25-35 сантиметрге чейин жеткен.

"Учурда министрликтин кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, кар тазалоо иштери жүрүүдө. Тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, аралыкты так сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.