ТМУнун туризм боюнча 11-жыйыны Өзбекстанда өтөт

Борбор Азия Загрузка... 15 Июль 2025 10:15
WhatsApp Image 2025-07-14 at 08.40.21.jpeg
copyright icon Өзбекстандын Туризм комитети

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.07.25. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) туризм боюнча министрлеринин 11-жыйыны Өзбекстанда өтмөкчү. Бул чечим министрлердин Анкара шаарында өткөн 10-жыйынында кабыл алынды.

Өзбекстандын Туризм комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга комитет төрагасынын биринчи орун басары Жамшид Абдусаламов башында турган делегация катышкан. Ал өз сөзүндө өлкөдө акыркы жылдары туризм тармагында жүргүзүлүп жаткан кеңири масштабдагы өзгөрүүлөр тууралуу баяндап берди.

Анын айтымында, Өзбекстанды визасыз кыдыра ала турган өлкөлөрдүн саны 95ке жеткен. 2024-жылы республикага 10 миллионго жакын чет элдик турист келген. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Ушунун негизинде Өзбекстан БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюму тарабынан дүйнөдөгү эң ыкчам өнүгүп жаткан төрт туристтик багыттын бири катары таанылган.

Мындан сырткары, өзбек тарап уюмга мүчө мамлекеттердин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип жайылтуу жана тиешелүү мекемелер ортосунда кызматташтыкты тереңдетүү багытында бир нече демилгени сунуш кылды.

Жыйындын соңунда Анкара шаары Түрк мамлекеттер уюмунун туризм борбору деген макамга ээ болду.