Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-июлда Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушууда Кубанычбек Өмүралиев министрге ТМУнун Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Түркияда өтө турган Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жана тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйындарына даярдык тууралуу айтып берди.
Тараптар ошондой эле алдыдагы жыйындарда кол коюу жана кабыл алуу пландалган документтердин долбоорлорун, ошондой эле уюштуруу жана мазмундук мүнөздөгү башка маселелерди кеңири талкуулашты.