ТМУнун алкагында кызматташууну натыйжалуу ишке ашыруу биздин аракетибизден көз каранды - Абдулла Арипов

Саясат Загрузка... 18 Сентябрь 2025 17:00
5359527657198451389.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташуунун багыттары көп жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу биздин аракетибизге көз каранды. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, биз глобалдык туруксуздук жана ар кандай коркунучтар күчөгөн доордо жашап жатабыз. Учурда андан башка энергетикалык жана климаттык көйгөйлөр абдан олуттуу.

"Туруксуздук жана ар кандай коркунучтар күчөгөн учурда биз биргеликте иштөө аркылуу гана глобалдык чакырыктарга натыйжалуу жооп бере алабыз. Ушул максатта 2026-жылга чейинки стратегияны ишке ашыруу зарыл. Бүгүнкү күндө уюмдун алкагында кызматташуунун багыттары көп. Аларды натыйжалуу ишке ашыруу биздин аракетибизден көз каранды", - деди Арипов.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары коопсуздук жаатындагы кызматташтык ТМУ үчүн негизги багыттардын бири болууда. Буга дүйнөлүк жана регионалдык олуттуу чакырыктар, анын ичинде уюмга мүчө мамлекеттердин ички коопсуздук көйгөйлөрү себеп болду.

Аталган "2040-жылга карата көз караш" жана "ТМУнун 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы" документтеринде саясий жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленген.