ТМУ – тарых, маданият жана бай мураска негизделген уникалдуу уюм – Өмүралиев

Коом Загрузка... 12 Сентябрь 2025 18:25
WhatsApp_Image_2025_zwg5wPP.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюму - тарых, маданият жана бай мураска негизделген уникалдуу уюм. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев журналисттерге билдирди.

Ал белгилегендей, Түрк мамлекеттер уюмуна жакында 16 жыл болот. “Тарыхыбызга көз чаптырып карасак, ал миңдеген жылдарга созулат. ТМУ — бул уникалдуу, тарыхка, каада-салттарга, маданиятка жана тилге негизделген дүйнөдө жок уюмдардын бири. Ал ошонусу менен өзгөчө. Албетте, башка уюмдарды таарынткым келбейт, бирок биздикиндей тажрыйба башкаларда жок. Мындан сырткары мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай келишпестик жок. Атүгүл үй-бүлөдө да пикир келишпестиктер болот, бирок бизде жалпы келечек деген негизги багыт бар. Менимче, биргеликте келе жаткандыгыбыздын эң негизги жыйынтыгы да ушул. Биздин урааныбыз “Бирге - күчтүүбүз!” деп аталат”,-деди Өмүралиев.

Ошондой эле башкы катчынын айтуусу боюнча кечээ күнү Бишкекте дин ишмерлери чогулса, бүгүн - Коопсуздук кеңешинин катчылары жолукту. Ага чейин универсиада өткөн. “Уюмдун ишиндеги негизги аспектилердин бири — бул коопсуздук. Диндеги, маданияттагы жана маалымат жаатындагы коопсуздук. Себеби, биз жаштарды коллективдүү аракет, коопсуздукту камсыз кылуу жана тарбия аркылуу гана радикализмден, терроризмден жана башка кооптуу көрүнүштөрдөн сактап кала алабыз”,-деди ал.