ТМУ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы 2,4 трлн доллардан ашты

Экономика
ТМУ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы 2,4 трлн доллардан ашты
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Түрк дүйнөсүнүн жалпы ички дүң продукциясы 2,4 трлн доллардан ашты. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев түрк дүйнөсүнүн келечеги жана кызматташтыгы тууралуу макаласында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында бул өлкөлөрдүн жалпы соода жүгүртүүсү болжол менен 1,27 трлн долларга жеткен. Ал эми түрк мамлекеттери бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары каралса, дүйнөдөгү 11-ири экономикага айланмак.

Өмүралиев экономикалык интеграцияны тереңдетүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.