ТМУ өлкөлөрү бейтаптар тууралуу медициналык маалыматтарды алмашат

Коом 2 октябрь 2026 12:40
ТМУ өлкөлөрү бейтаптар тууралуу медициналык маалыматтарды алмашат
copyright icon Кабар

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) 60тан ашык багытта, анын ичинде тышкы саясат, туризм, спорт, айыл чарба, экономика жана саламаттык сактоо тармактарында кызматташат. Бул тууралуу ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык уюмдун маанилүү багыттарынын бири.

"Улуттун саламаттыгы чың болсо, экономика да, башка тармактар да өнүгөт. ТМУнун алкагындагы министрлердин жолугушуулары талкуу менен эле чектелбейт. Анын жыйынтыгында иш пландарын камтыган конкреттүү документтер кабыл алынат. Ошондой эле ар кандай багыттар боюнча жумушчу топтор иштейт", – деди ал.

Өмүралиев акыркы жылдары өлкөлөр ортосунда маалымат алмашууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мисалы, бейтап башка өлкөгө дарыланууга барып, кайра өз өлкөсүнө кайтып келген учурда анын дарылануусу тууралуу маалымат эки өлкөдө тең жеткиликтүү болушу маанилүү. Мындан тышкары, медициналык кадрларды алмашуу да маанилүү багыттардын бири экенин айтты. Анткени ТМУга мүчө мамлекеттерде саламаттык сактоонун ар кайсы багыттарынын өнүгүү деңгээли айырмаланат.

"Маалымат жана кадр алмашуу – кызматташтыгыбыздын маанилүү бөлүгү. Дагы бир негизги багыт – дары-дармек менен камсыздоо. ТМУга мүчө өлкөлөрдө дары-дармекти өзүндө өндүрүү деңгээли ар кандай. Мисалы, Түркия өзүн дары-дармек менен 85% камсыз кылса, башка өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20-50%ды түзөт. Ошондуктан дары-дармектерди өз ара жеткирүү да чоң мааниге ээ", – деди ТМУнун башкы катчысы.

Ал дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтык препараттардын сапатын камсыз кылуу жана баасын төмөндөтүү жагынан да маанилүү экенин белгиледи.