Төмөнкү Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнүн жашоочулары эвакуацияланууда

Коом 27 июнь 2025 19:14
80bbf105-5d7f-4bff-bab5-afa83edcdce7.jpeg
d8432289-eaee-4f47-ae1d-3b6f66f27e18.jpeg
ea6e864f-197e-4601-8510-01607743c6e1.jpeg
Алдыга
Артка
80bbf105-5d7f-4bff-bab5-afa83edcdce7.jpeg
d8432289-eaee-4f47-ae1d-3b6f66f27e18.jpeg
ea6e864f-197e-4601-8510-01607743c6e1.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек 27.06.25 /Кабар/. Төмөнкү Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнүн жашоочулары эвакуацияланууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бүгүн Ысык-Ата районунда жайгашкан “Такыр-Төр” көлүнүн жырылып кетишине байланыштуу жаралган өзгөчө кырдаалга байланыштуу Төмөнкү Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнүн кызмат алуучулары ыкчам түрдө эвакуацияланууда.

Учурда министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.

Эвакуациялоо иштери бардык коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүлүп, кызмат алуучулар жана мекеме кызматкерлери коопсуз аймактарга жеткирилүүдө.

“Эвакуацияланган кызмат алуучулар үчүн убактылуу жашоо шарттары түзүлүп, зарыл болгон медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт.

Министр Равшанбек Сабиров кырдаалды жеке көзөмөлгө алып, стационардык мекемеге жеринен абалды көзөмөлдөөгө дароо чыгып кетти”,-деп айтылат маалыматта.