Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда

Коом Загрузка... 04 Сентябрь 2025 17:40
copyright icon www

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусундагы 9 км тилкесин асфальтоо иштери 2025-жылга каралган титулдук тизмеге киргизилген.

Июль айында 5 чакырым толук асфальтталып, каттам пайдаланууга берилген. Ал эми калган 4 чакырым тилкесинде асфальт басуу иштери 1-сентябрдан тарта башталып, учурда кызуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Өтмөк ашуусу аркылуу өткөн жол маанилүү транспорттук каттам болуп саналат. Буга чейин жолдун айрым тилкелери аң-чөнөктөрдү жамоого да жарабай калган. Жаңы асфальттын төшөлүшү менен жолдун сапаты жогорулап, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.