Өткөн жумада өлкө аймагында 362 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 08 Июнь 2026 11:55
720101104_1306666204929129_2393148204360426783_n.jpg
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. 29-майдан 4-июнга чейин өлкө аймагында 24 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 2 539;
  • мас абалында унаа башкаруу – 362;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 193;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 238;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 502;
  • авто ээнбаштык – 52;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 135;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 267;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.