Өткөн суткада ашууларда жол тыгындары болгон жок – ӨКМ

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 11:40
557398244_111076408.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.10.25./Кабар/. Өткөн суткада жарандардын жолдо калган учурлары, ашууларда жол тыгындары болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам-нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Чамашев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечинде аба ырайына байланыштуу “Сосновка”, “Арал” постторунда жана Талас облусу тараптан посттордо оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилген. Бул иштер жарандардын коопсуздугу, унаа жолдордогу тыгындардын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.

“Кечээ,1-октябрда Чүй облусунун ашууларында, Талас менен Нарын облусунда жамгыр аралаш кар жаады. Кырсыктардын алдын алуу үчүн жеринде ИИМ кызматкерлери менен биргеликте “Сосновка” посттунда, андан ары Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” посттунда, Талас облусу тараптан посттор уюштурулуп айдоочуларга жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен күз келип биринчи кар жааганда көпчүлүк айдоочуларыбыз кышка даяр болбогон учурлары көп катталып, ашууларда кыйынчылыктар жаралат. Анткени, стратегиялык жолдо жүргөн көбүнчө айдоочулар унааларынын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга убагында алмаштырбайт”,- дейт Чамашев.

Өлкөдө жаан-чачындуу аба ырайы болгону менен кечээ кадимки күндөгүдөй эле көрүнүш болуп, суу каптоолор, ири унаа тыгындары катталбаганын ӨКМдин өкүлү кошумчалады.

“Министрликтин ыкчам тобу ашууларга барып, жериндеги күч каражаттарынын кышка даярдыгын, кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жеринде нөөмөт өтөп жаткан куткаруу топторунун даярдыгын текшерди. Негизинен өткөн сутка тынч өттү, өлкө аймагында 11 кырсык болуп, анын ичинен 8 өрт кырсыгы катталды. Ашууларда унаа тыгындары байкалган жок. ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып, жарандарыбыздын жолдо калган учурлары, жол тыгындары болгон жок”, - деди ал.