Тимур Ибрагимов дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды

Спорт 21 сентябрь 2026 15:20
Тимур Ибрагимов дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз стандын Улуттук дзюдо федерациясынын кезексиз конференциясы өтүп, анда уюмдун жаңы жетекчиси шайланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында федерациянын президенти болуп башкаруучу жана финансист Тимур Ибрагимов шайланды.

Шайлоого спорт коомчулугунун өкүлдөрү толук колдоо көрсөтүп, Ибрагимовдун талапкерлигин катышкан 108 делегаттын баары бир добуштан колдоду. "Каршы" жана "калыс" добуштар болгон жок.

Тимур Ибрагимов өз сөзүндө жетекчилик кызмат - биринчи кезекте спортчулар жана бүтүндөй өлкө алдында чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

"Спортчубуз мамлекеттик желек алдында татамиге (спорттук килем) чыкканда, анын артында бүтүндөй өлкө турат. Ал эми ар бир жогорку жыйынтыктын артында машыктыруучулардын, дарыгерлердин жана федерациянын жалпы командасынын күнүмдүк оор эмгеги турат", — деди ал.

Федерациянын жаңы жетекчиси негизги багыттар катары мурдагы жетекчиликтин ийгиликтүү иштерин улантууну, Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына даярданып жаткан улуттук курама командага зарыл шарттарды түзүүнү, Олимпиадага даярдык планын белгиледи.

Мындан тышкары, спортчулар үчүн ыңгайлуу машыгуу шарттарын түзүү, аймактардагы секцияларды жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү, адистер менен ачык диалог жүргүзүү, эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана демөөрчүлөрдү тартуу багыттары каралган.

Белгилей кетсек, Тимур Ибрагимов каржы-банк тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар топ-менеджер. Ал 2026-жылдын 12-январынан тартып "Бакай Банктын" башкармалыгынын төрагасы кызматын да аркалап келет.