ТИМ: Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивостоктогу кеңсесинин дареги өзгөрдү

Коом 3 февраль 2025 13:15
ТИМ: Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивостоктогу кеңсесинин дареги өзгөрдү
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинин дареги өзгөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кеңсе 2025-жылдын 1-февралынан тарта Владивосток шаарынын Авроровская көчөсү, 10 дарегиндеги «Дредноутъ» бизнес борборунун 3-кабатында жайгашты.