ТИМде кыргыз-немис мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланды

Саясат Загрузка... 04 Июль 2025 16:35
IMG_3863.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын Кыргызстандын убактылуу ишенимдүү өкүлү - элчинин орун басары Константин Селенти менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-немис мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Айрыкча жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышына көңүл бурулуп, соода, транспорт жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө басым жасалды.

Тышкы иштер министринин орун басары Абакиров саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди активдештирүү зарыл экенин айтты. Ал инвестициялык жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн, анын ичинде биргелешкен бизнес-форумдарды жана жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Элчинин орун басары Селенти Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода-экономикалык алакаларды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана бул багытта өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.