Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде эл аралык укуктук маселелер боюнча кыргыз-россия консультациялары өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Консультациялар эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына ылайык өттү.
Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин Эл аралык-укуктук департаментинин директору Адылбек Тултемиров, ал эми Россия делегациясын РФ Тышкы иштер министрлигинин Укуктук департаментинин директору М.Мусихин жетектеди.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык-укуктук маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты, көп тараптуу уюмдардын алкагында ишти координациялоону макулдашты, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын эл аралык келишимдерге тиешелүү мыйзамдарынын учурдагы абалы боюнча маалымат алмашышты.