ТИМде дипломатиялык корпус үчүн жылдык кабыл алуу өттү — Кабар

ТИМде дипломатиялык корпус үчүн жылдык кабыл алуу өттү

Саясат 23 январь 2026 11:35
1.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.43 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.41 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.41 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.40 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.40 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.39.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-23 at 10.17.39 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дипломатиялык корпус үчүн салттуу жылдык кабыл алуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага Кыргызстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Кулубаев куттуктоо сөзүндө дипломаттарга Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөн жылдагы өлкөнүн негизги жетишкендиктерине, ошондой эле 2026-жылга карата пландарына токтолду.

Министр 2025-жылы өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгү жогорку активдүүлүк менен мүнөздөлгөнүн белгиледи. Атап айтканда, отчеттук мезгилде жогорку жана эң жогорку деңгээлде 190 жолугушуу өткөрүлүп, 633 эл аралык келишим жана документке кол коюлганын билдирди. Ошондой эле министр дипломатиялык географиянын кеңейгенин белгилеп, өнөктөш өлкөлөрдүн саны 185ке жеткенин, Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылганын маалымдады.

Учурдагы жылга карата пландар тууралуу сөз кылып, тышкы иштер министри республиканын ШКУга төрагалыгы жана Бишкек шаарында юбилейлик саммитти өткөрүү негизги артыкчылыктардын бири болорун белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрөрүн кошумчалады.

Соңунда министр глобалдык туруксуздук шартында Кыргызстан тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун кызыкчылыгында конструктивдүү диалогго ачык, ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи.

2