Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиянын жыйыны өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылды.
Жыйындын жүрүшүндө министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчеттук мезгилдеги аткарылган иштер жана көзөмөлүндөгү чет өлкөлүк мекемелердин ишинин жыйынтыктары тууралуу баяндамалары угулду.
Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнүн жалпы жыйынтыгын чыгарып, өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин системалуу мүнөзүн белгиледи. Ошондой эле өткөн жарым жылдык активдүү дипломатиянын мезгили болгонун, ал эми Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук ееңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өлкөнүн көп жылдык аракеттеринин маанилүү жыйынтыгы болгонун баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө өткөн мезгилдин жыйынтыгы чыгаруу менен катар жылдын экинчи жарымындагы негизги тышкы саясий иш-чара катары аныкталган Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине даярдыктын соңку этабы талкууланды.
Ошону менен бирге министрликтин жетекчилиги Кыргызстандын айрым чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилеринин санкциялык чектөөлөрдү алып салуу жана экономикалык дипломатия багытындагы иштерди жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөндүгү боюнча принципиалдуу сын-пикирин билдирди.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча алдыдагы мезгилге артыкчылыктуу милдеттер аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Алардын катарына Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары милдеттерин аткарууга сапаттуу даярдык көрүү, ШКУнун Бишкек саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү, ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чет мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү кирет.