Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Россияда чет элдик жарандар үчүн уюлдук байланыш кызматтарын колдонууга жаңы талаптар коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 8-августунда кабыл алынган №303-ФЗ "Байланыш жөнүндө" Федералдык мыйзамга жана башка мыйзам актыларына кирген өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SIM-карталарды Россияда оператордун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Бул учурда алар банк бөлүмдөрүндө биометриялык идентификациядан өтүшү керек (беттин сүрөтү жана үн жазуу).
"Ал эми буга чейин SIM-картага ээ болгон жарандар байланыш өчүрүлүп калбашы үчүн өздүгүн тастыктап, төмөнкү документтерди мобилдик байланыш салонуна тапшырышы зарыл: СНИЛС (Россиянын Социалдык фондунун бөлүмдөрүндө берилүүчү жеке эсеп номери), IMEI-код, “Госуслуги” порталынын маалыматы жана биометриялык маалыматтар", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКларда Россияда чет өлкөлүк жарандардын уюлдук байланышынын өчүрүлүшү тууралуу маалыматтар чыккан.