Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинен 2025-жылдын 1-апрелинен тартып Россиянын жалпы билим берүү уюмдарына чет элдик жарандарды кабыл алууда киргизилген жаңы эрежелер тууралуу айтып беришти.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2025-жылдын 1-апрелинен тартып, “Билим берүү жөнүндө” РФ Федералдык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык Россиянын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим берүү программалары боюнча жетиштүү орус тилинен тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин гана кабыл алынат.
Россиянын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, тестирлөө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринде акысыз жүргүзүлөт.
Тестирлөө оозеки жана жазуу түрүнөн турат (биринчи класска кире турган балдарга тестирлөө - оозеки түрүндө жүргүзүлөт). Тестирлөө – аудио жана видео жазууга алынат.
Чет өлкөлүк жаран болуп саналган баланын тестирлөөдөн өтүшү үчүн анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү же өкүлдөрү) Россиянын жалпы билим берүүчү мектептерине (орус тилинде же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн орус тилине котормосу менен бирге) төмөнкү маалыматтарды бериши керек:
- Арыз ээсинин (ээлеринин) бала менен туугандыгын же баланын укуктарынын өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Баланын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн (өкүлдөрүнүн) Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Баланын мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Баланын өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлдөрүнүн) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо), ошондой эле баланын жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо) ыйгарылганын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Баланын башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулары жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- Ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) эмгектендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
Бала тесттен ийгиликтүү өтсө, мектепке кабыл алынат. Ал эми тесттен өтпөй калса, ага кошумча орус тилин үйрөнүү сунушталат. Кайрадан тестирлөөдөн өтүү мурдагы тестирлөөдөн 3 ай өткөндөн кийин гана мүмкүн болот.
Буга байланыштуу, министрлик Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жарандардын балдарын жалпы билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча талаптар менен Россиянын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр тууралуу алдын ала таанышып алууну сунуштайт.