Музыка мектептеринин жетекчилери эми сынак аркылуу тандалат

Коом
Музыка мектептеринин жетекчилери эми сынак аркылуу тандалат
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин директорлорун кызматка дайындоо үчүн ачык сынак өткөрүү тартиби киргизилди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы тартип министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

Ага ылайык, жетекчилик кызматтарга талапкерлер кесиптик тажрыйбасы жана башкаруучулук жөндөмүнө жараша тандалат.

Бош кызмат орундары, талаптар, керектүү документтер жана сынактын мөөнөттөрү тууралуу маалымат министрликтин расмий сайтында жарыяланат.

Жаңы тартип жетекчилерди тандоонун ачыктыгын камсыз кылууга жана балдардын маданият, искусство тармагында сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган.