Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарында жүргөн жана өлкөгө барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандары АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, АКШнын расмий маалыматына ылайык, чек араны мыйзамсыз өтүү, өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу, жараксыз же жасалма документтерди колдонуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Алардын катарына кармоо жана камакка алуу, депортациялоо, өлкөгө кайра кирүүгө туруктуу тыюу салуу, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылуу кирет.
Кыргыз Республикасынын жарандары АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын автоматтык түрдө бузган болуп эсептелет. Мындай адамдар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалуусу, ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылуусу, узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу жана Америкага барууга тыюу салууга кабылуусу мүмкүн.
ТИМ жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында, АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарга аталган өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну сунуштады. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандарга өлкөсүнө кайтуу үчүн АКШнын өкмөтү тарабынан каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн CBP Home тиркемеси аркылуу www.dhs.gov/cbphome шилтемеси менен кирип, каттоодон өтүү зарыл.
Эгерде АКШда жүрүүгө байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна кайрылуу керек:
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги
2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008;
электрондук дареги: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg;
телефону: +1 202 256 2924; +1 202 449 9823; +1 202 449 9822.
Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу
100/1610 Норт Ла Салл көчөсү, Чикаго шаары, Иллинойс, 60602;
электрондук дареги: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg;
телефону: +1 312 929 34 42; +1 312 994 24 16.
Тышкы иштер министрлиги АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландап жаткан мекендештерге өздөрүнүн өлкөдө болуу макамын тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү керектигин кошумчалады.