ТИМ Израилдеги кыргызстандыктарды сактык чарасын көрүүгө чакырды

Коом Загрузка... 14 Июнь 2025 10:40
5362029595907453525.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.06.25. /Кабар/. Израиль мамлекети менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин Израилге баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ведомствонун маалыматында Израилдин аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жогорку деңгээлде этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот:

1. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
2. Кыргызстандын Израилдеги Ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498;
3. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги: + 996999312002.