ТИМ: Иракта кармалган кыргыз жаранын мекенине кайтаруу аракети көрүлүүдө

Коом Загрузка... 10 Ноябрь 2025 09:32
222.png
copyright icon ТИМ

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Иракта кармалган Кыргызстандын жараны боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, Ирактын аймагындагы сулуулук салондорунун биринде эмгектенген 1987-жылы туулган Кыргызстандын жараны Д.А.Б. кармалган.

Азыркы учурда Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги тиешелүү тараптар жана кармалган жарандын туугандары менен тыгыз байланышта жана аталган жарандын мекенине кайтаруу маселеси иштелип чыгууда.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө жана Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча этият жана сак болууга чакырат.