Бишкек, 10.11.25, /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн жарандарды өздөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын tizme.gov.kg сайты аркылуу шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө чакырат.
ТИМдин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Алмазбек Байбосов белгилегендей, бүгүнкү күндө 1600 адамдын Кыргызстанда каттоосу жок.
"Шайлоочулардын тизмесинен өзүн таппай калган адамдар 19-ноябрга чейин дипломатиялык өкүлчүлүккө жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылууга тийиш", – деди ал.
Ошондой эле Байбосов бүгүнкү күндө чет өлкөдөгү шайлоо участкаларына жабдууларды жеткирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул үчүн БШК 300 комплект жабдуу бөлүп берүүдө.