Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүсү Бишкектен олуттуу дипломатиялык аракеттерди талап кылды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Кабар подкаст" берүүсүндө билдиргендей, негизги милдет - эл аралык өнөктөштөрдү республиканын ишенимдүүлүгүнө жана дараметине ынандыруу болгон.
ТИМ башчысынын айтымында, өлкө масштабдуу милдеттерди аткара аларын гана эмес, глобалдык күн тартибин натыйжалуу алдыга жылдырууга жөндөмдүү экенин да далилдеши керек болчу.
"Жыйынтыгында биздин талапкерлигибизди Глобалдык Түштүк: Африка жана Азия мамлекеттери, Кариб бассейнинин арал өлкөлөрү, Латин Америкасы жана, албетте, КМШ боюнча өнөктөштөрүбүз абдан катуу колдошту. Биз өз талапкерлигибизди көрсөтүү менен Кыргызстанды жөн гана өзүнчө бир мамлекет катары эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн кызыкчылыктарын коргогон өкүл катары тааныттык", - деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.
Мындан сырткары, министр бул кампания узак мөөнөттүү пландаштырууну талап кылганын кошумчалады: алдын ала иштер 2022-жылдан бери жүргүзүлүп, ал эми 2024-жылдан тарта өлкө күчөтүлгөн даярдык баскычына өткөн.
Анын айтымында, президенттин, министрлер кабинетинин, министрлердин жана элчилердин деңгээлинде Кыргызстан БУУга мүчө мамлекеттерге Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөндүгү тууралуу туруктуу түрдө эскертип турушкан.