ТИМ башчысынын орун басары АКШ элчиси менен жолугушту. Эмнелер талкууланды? — Кабар

ТИМ башчысынын орун басары АКШ элчиси менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Саясат 25 июнь 2025 10:10
ТИМ башчысынын орун басары АКШ элчиси  менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана консулдук-укуктук чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле санкциялык маселелердин эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерин табуу үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.