Дипмиссиясы аяктады: ТИМ башчысы Казакстандын элчисин кабыл алды

Коом Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 13:00
746472390_1008445401800399_3916278639176870318_n.jpg
747674791_1040167211804212_824554614197899532_n.jpg
744489378_2372819299915237_4641071517666674795_n.jpg
747409174_27747259874891021_6429699426520705087_n.jpg
Алдыга
Артка
746472390_1008445401800399_3916278639176870318_n.jpg
747674791_1040167211804212_824554614197899532_n.jpg
744489378_2372819299915237_4641071517666674795_n.jpg
747409174_27747259874891021_6429699426520705087_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаевди анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын, өкмөттөрүнүн жана тышкы саясий ведомстволорунун деңгээлинде жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшү боюнча пикир алышты. Маектештер жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара бекем кызыкдар экендиктерин ырастап, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги алдыдагы сапарлардын графигин кеңири талкуулашты. Ушул өңүттө министр Ж. Кулубаев элчи Р. Жошыбаевдин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, анын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Мындан сырткары, элчи Р. Жошыбаев Кыргыз Республикасын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы шайлоо өнөктүгү учурунда жана добуш берүү күнү көрсөткөн жигердүү колдоосу үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, бул шайлануу Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн маанилүү жетишкендик экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Ж. Кулубаев элчи Р. Жошыбаевди эки өлкөнүн ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымын жогору баалап, "Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн" ведомстволук медалы менен сыйлады.