ТИМ АКШда айдоочулук күбөлүктөр боюнча жаңы эрежелер киргендигин маалымдайт

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 09:45
cef5a99a34a372f62b8464e4fbc34ca9-1200.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында жашаган Кыргызстандын жарандарына АКШ тарабынан коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) берүү жана узартуу тартибин жөнгө салган жаңы эрежелер киргизилгендигин маалымдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, АКШнын Транспорт министрлигинин (DOT) жана Автотранспорттун коопсуздугу боюнча федералдык администрациясынын (FMCSA) расмий маалыматына ылайык, 26-сентябрдан тартып жашыл карта ээлери (мыйзамдуу туруктуу жашоочулар) жана H-2A, H-2B, E-2 жумушчу визалары бар чет өлкөлүк жарандар коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) алуу жана узартуу укугуна ээ.

Жумушка орношууга уруксат документи (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) болгонуна карабастан, тиешелүү иммиграциялык статусу жок жарандар мындан ары коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алууга же узартууга укугу жок.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү талап кылган унааларды айдаган кыргыз жарандарына аталган күбөлүктү алуу же узартууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардан сактанууну, документтеринин толуктугун алдын ала текшерүүнү сунуштайт.