Тилек Текебаев Базар-Коргон районундагы соцобъектердин курулушун текшерди

Аймак 10 июль 2025 11:00
517380702_1838514767015779_8619579961113666205_n.jpg
515766304_1838514743682448_3745698760394989234_n.jpg
517112828_1838514537015802_5819715652650438102_n.jpg
517187616_1838514487015807_7195991174069645917_n.jpg
517238869_1838514983682424_8383800220168435666_n.jpg
518270327_1838514823682440_4440813513062667556_n.jpg
518272813_1838515187015737_4977335797658569958_n.jpg
518273773_1838514623682460_5892227364365515018_n.jpg
518276825_1838514687015787_700026915252042582_n.jpg
518276916_1838514970349092_4063541409098760466_n.jpg
518279486_1838514353682487_8613960225585158525_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районундагы инфраструктуралык жана социалдык багыттагы бир катар иштер менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал кыдыруу учурунда Акман айыл аймагындагы Жараке-Бай-Мундуз айылдарын бириктирген 6 чакырымдык ички жолдун оңдоо жана асфальттоо жумуштарын көрүп чыкты.

Мындан тышкары, өкүл Карача айылында республикалык бюджеттин каржылоосу менен №8 Ж.Сулайманкулов атындагы 275 орундуу жаңы орто мектебинин курулуш иштерин көрүп чыгып, сапатын жакшыртуу боюнча бир катар кемчиликтерди белгилеп, жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Тилек Текебаев ошондой эле Базар-Коргон шаарындагы Ү. Сыдыков атындагы эс алуу багын реконструкциялоо жумуштары менен таанышып, А.Текебаев көчөсүндө чыгарылган скважинаны көрдү.

Облус башчысы Биринчи Май айыл аймагындагы жаңгак тоннели, жаңы отургузулган жаңгак көчөттөрү, орнотулган түнкү жарыктандыруу жана туристтик инфраструктуранын өнүгүшүнө багытталган арка сыяктуу объекттерди жеринде көрүп чыкты. Өкүл тарабынан аймакка келген эс алуучулар үчүн атайын сүрөткө түшүү аянтчасын уюштуруу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле ал буга чейин Арстанбап-Ата айыл аймагынын борбордук бөлүгүн иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу, тургундарга жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында берилген тапшырмалардын аткарылышын көрүп чыгып, кошумча милдеттемелерди койду.