Тил – элдин жүрөгү: Анжияндагы кыргыздар тил майрамын белгиледи

Борбор Азия Загрузка... 23 Сентябрь 2025 09:46
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Анжиян облусунун Жалакудук районундагы №43 кыргыз-өзбек жалпы билим берүү мектебинде болуп, окуучулар жана мугалимдер менен жылуу маек курду.

Элчиликтик маалыматына ылайык, Чотонов мектеп жамаатын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, “Тил – элдин жүрөгү. Аны урматтоо менен биз тарыхыбызды, маданиятыбызды жана боордош элдердин ынтымагын сактап калабыз”, – деп белгиледи. Ал жаштарды билимге умтулууга, эли-жерине кызмат кылууга чакырып, ийгиликтери жалпы кыргыз коомчулугунун сыймыгы болорун кошумчалады.

Окуучулар өздөрүнүн ыр-күүлөрүн тартуулап, мектеп ичине майрамдык шаң кошушту. Мугалимдер болсо бул жолугушууну “эки элдин достугу менен маданий жакындыгын дагы да бекемдеген маанилүү учур” деп белгилешти

Эскерте кетсек, расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда 300 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт. Кыргыз тилинде билим берген 57 мектептин 40ы Анжиян облусунда жайгашып, тилди жана маданиятты сактоонун очогу болуп саналат.