Тигүү жана текстиль тармагында иш кагаздары жөнөкөйлөтүлдү — салык кызматы

Коом Загрузка... 04 Сентябрь 2025 11:45
copyright icon www

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Тигүү жана текстиль тармагында иш кагаздары жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ай сайын салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча отчетту STI-161 формасы менен онланй тапшыруу ишке кирди.

Жаңы «Тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкери» тарифине өтүү үчүн — салык кызматына арыз берүү гана жетиштүү.

Эскертүү:

- Камсыздандыруу төгүмдөрү ар айдын 15ине чейин,
- Киреше салыгы жана отчет — айдын 20сына чейин төлөнөт.